БИШКЕК БЛОГ
Бишкектеги шаар жерлери жана жүздөрү боюнча альтернативалык жол
Өткөн бир жылдын ичинде дээрлик ар ишемби сайын шаардык антропологдордун командасы Бишкектин борборундагы кофеханалардын биринде чогулуп, кофе ичип алып, андан кийин шаардагы унутта калган бурчтардын бирине барып сейилдеп, сүрөт тартып жана жергиликтүү тургундар менен баарлашып келишти. Биз сапарларды алдын ала пландаштырган эмеспиз, жөн гана шамалга жана интуициябызга ээрчип, типтүү шаардык фланёрлор сыяктуу шаарды кыдырчубуз. Биз адатта көңүл сыртында кала турган аймактарды издеп табууга аракет кылчубуз: калдыктай калган мейкиндиктерди, ээн жерлерди, унутта калган объектилерди жана шаар турмушун чыныгы түрүндө чагылдырган башка жерлерди. Бул долбоордун максаты Бишкекти туристтер үчүн идеалдуу сүрөттөгү почта ачыкчасы катары эмес, бардык көп кырдуулугу менен кандай болсо, ошондой чагылдырган альтернативдүү шаар гидин түзүү болуп саналат.