山ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Ылга 2.0” эко-квестинин жыйынтыктары чыгарылды: мектеп командаларынын ийгиликтери жана кыйынчылыктары

30&Բ;апреля&Բ;2026

24-апрелде БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору эки баскычта (2025-жылдын октябрь-ноябрь жана 2026-жылдын февраль-апрель айлары) өткөн “Ылга 2.0” эко-квестинин жыйынтыктарын чыгарды. Жалпысынан алганда, Бишкек, Чүй жана Талас облустарынын мектеп окуучулары “Жашыл БААУ” программасынын көзөмөлү астында алты айдан ашык убакыт бою билим берүү мекемелеринде долбоорлордун жана калдыктарды башкаруу системаларын түзүүнүн үстүндө иштешти! Студенттер ушул жылдын алгачкы үч айында жетишкендиктери жана 山ǿ/CCE гранттарын колдонуу менен долбоорлорун кантип жакшыртып жана өнүктүргөндөрү менен бөлүшүштү.

Өткөн жылдын декабрь айында эко-квесттин биринчи баскычында эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн беш команда жарыяланып, эко-долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн гранттар ыйгарылган:

  • EcoHackers - №70 орто мектеп, Бишкек
  • Ecoclub MKM - Мейликан Козубекова атындагы орто мектеп, Талас облусу
  • EcoTeam.kg – Орловкадагы №1 орто мектеп, Чүй облусу, Кемин району, Орловка
  • Келечек - Аманбек Карыпкулов атындагы орто мектеп, Талас облусу, Кара-Суу айылы
  • Green Innovators – Америкалык-Европалык мектеп, Бишкек

Тилекке каршы, бардык эле мектептер апрель айында өз иштери боюнча отчет бере алышкан жок. Бул объективдүү факторлорго байланыштуу болду. Бир мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, ал эми айрым иштер күзгө чейин кийинкиге калтырылды (Орловка орто мектеби). Дагы бир мектеп сатып алуу жана долбоорду ишке ашыруу баскычында, анткени мектеп администрациясы менен координациялоо учурунда белгилүү бир кыйынчылыктар пайда болду. Бирок, бул эки команда өз долбоорлорунун үстүндө иштөөнү улантууда, аларга насаатчылары - студенттик долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар 山ǿ LAS студенттери активдүү жардам беришет. Жаздын аягында жана күзүндө командалар социалдык тармактарда жыйынтыктоочу отчетторду, басылмаларды жана видеолорду жарыялоого убада беришкен.


Талас облусунун Кара-Суу айылындагы Аманбек Карыпкулов атындагы орто мектебинин “Келечекĝ командасынын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү бар жана алар ЖОЖдорго окууга тапшыруу үчүн сынактарга даярданып жатышат. Бул алардын долбоорун биринчилерден болуп ишке ашыруусуна тоскоол болгон жок. Алар өз ийгиликтери менен бөлүшүү үчүн БААУга келе алышпаса да, алардын куратору, студен Нилуфар Лайлибекова команданын жетишкендиктери менен бөлүштү. Окуучулар мектепте таштандыларды (макулатура жана пластик) чогултууну жана ылгоону жакшыртышты жана мектепте бир нече коомдук тазалоо күндөрүн өткөрүштү. Команда 5-9-класстардын арасында ким эң көп макулатура чогулта аларын аныктоо үчүн мелдеш уюштурду. Жалпысынан мектеп эки айдын ичинде 235 кг макулатура чогултту! Жеңүүчү класстар баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Гранттын аркасында мектепте кышкы бакча пайда болду.


Талас облусунан келген экинчи команда Мейликан Козубекова атындагы орто мектебинин Ecoclub MKM командасы болду. Команда грантты беш эко-куту сатып алууга жумшаганын жана мектебинин окуучулары жана мугалимдери үчүн “5R” (таштандыларды башкаруу принциптери) боюнча тренинг өткөргөнүн билдирди. Бул мектеп жамаатына айылдагы жана мектептеги экологиялык маселелерге жаңыча көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берип, аларды бул көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин карап чыгууга үндөдү. Бул мектептин мугалимдери жана администрациясы команданы ар тараптан колдоп, уюштуруучулук жардам көрсөтүп келишет. Окутуудан тышкары, команда мектептин айланасында жана айылда дармарка жана бир нече коомдук тазалоо күндөрүн өткөрдү. Алар ошондой эле 96 кг макулатура чогултуп, 1300 сом киреше табышты.

“Green Innovators” командасы (American European School) “Ылга 2.0” эко-квестинде биринчи орунду ээлеп, 700 доллар грант алышкан. Жеңүүчүлөр пластик калдыктары көйгөйүнө көңүл бурушту. Алар мектепте таштандыларды (кагаз жана пластик) өзүнчө чогултууну ишке ашырышты, бардык класстарга эко-кутуларды орнотушту (айрымдарын өздөрү жасашты!) жана окуучуларга 15 сабак өткөрүштү. Алар үч ишембилик уюштурушту, алардын экөөсү мектепте, бири Ботаникалык бакчада өттү. Эң экологиялык таза класстык бөлмө үчүн сынак жана эң активдүү окуучуларды сыйлоо аземи бул иштин жыйынтыгы болду. Ошондой эле, команда желим бөтөлкөлөрдүн капкактарын кайра иштетүү боюнча долбоорун сунуштады. Окуучулар утуп алган грант менен долбоор үчүн бардык керектүү жабдууларды, материалдарды жана шаймандарды сатып алышты. Окуучулар майда буюмдарды жана канцелярдык товарларды сактоо үчүн гүл идиштерин жана декоративдик чөйчөктөрдү жасай башташты. “Инноваторлор”" өздөрүнүн бир нече чыгармаларын алып келип, иш-чаранын уюштуруучуларына жана конокторуна көрсөтүштү. Команда Green 山ǿ программасынын колдоосу жана башка эко-квест командалары менен биргеликте долбоорун активдүү өнүктүрүүнү, идиш жасоо процессин жакшыртууну, мастер-класстарды өткөрүүнү жана башкаларды пландаштырууда. Ошондой эле, команда 150 кг макулатура чогултуп, 2074 сом киреше тапты.

EcoHackers командасы (№70 орто мектеп, Бишкек) окуусуна байланыштуу жыйынтыктарды тапшыруу аземине катыша алган жок. Алардын устаты, БААУнун студенти Айжамал Калыбаева жетишкендиктери жөнүндө айтып берди. Түшкөн каражатка команда алты эко-куту сатып алып, алар мектептин бардык жерине жайгаштырылган. Окуучулар эки ишембилик жана пластикти кайра иштетүү боюнча семинар өткөрүштү. Ошондой эле, команда мектептин аймагына канаттууларга жем салгычтарды орнотууну пландаштырууда жана окуучулар учурда аларды жасоо менен алек.

Кооз бет ачарлардан тыкшары бардык командалар жасаган иш-аракеттери тууралуу видео-роликтерди көрсөтүштү.

Эң негизгиси көрүнүп турган жана бааланып жаткан иштер – ишембиликтер жана дармаркалар, таштандыларды өзүнчө чогултуу жана алары кайра иштетүүгө тапшыруу, мастер-класстар, тренингдер жана бкашалар – жаштар экологиялык көйгөйлөргө өзүлөрүнүн гана эмес, аларды курчап турган чоңдордун да мамилесин өзгөртө алышты. Көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүштү, чыныгы команда болуп биригишти, чоңоюп көп нерселерди үйрөнүштү (бюджетти түзүүдөн баштап отчетторду тапшырууга чейин). Ошондой эле ар кайсы аймактардан келген жаштар бири-бири менен таанышып, баарлашуу менен курчап турган ааламдын экологиясын жакшыртууга салым кошушту.

<< Назад к списку