山ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Жашыл БААУ: Кыргыз-Америкалык мектебинин окуучулары экочүкөлөрдү жасоону үйрөнүштү

18&Բ;марта&Բ;2026

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору экочүкөлөр боюнча социалдык-маданий жана экологиялык долбоорду өнүктүрүүнү улантат. Бул биргелешкен долбоорго мектеп окуучулары, БААУ менен ЖМАнын студенттери, студенттик жашыл клубдун ыктыярчылары жана мейкерспейстин инженерлери активдүү катышышты.

Жагымдуу жаңылык: долбоорго жаңы катышуучулар кошулушту – Бишкек шаарындагы Кыргыз-Америкалык мектебинин 10-11-классынын окуучулары! Атайын алар үчүн февралда мейкерспейстин лабораториясында капкактардан экочүкөлөрдү жасоо боюнча окутуучу мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-классты долбоордун демилгечилери болгон Таш-Мойнок орто мектебинин окуучулары өтүштү.

Иш-чарага эң активдүү балдар гана катышты - өткөн жылдын декабрь айынан тарта мектептерде капкактарды чогулткандар. Жыйынтыгында Кыргыз-Америкалык мектебинен келген коноктор капкактар салынган 2 чоң баштык алып келишкен. Алардан ойноо үчүн жаңы чукөлөр жасалды.

Экочүкө/экоордо – пластик бөтөлкөлөрдүн капкактарын кайра иштетүү боюнча ресайклинг-долбоор. Долбоордун идеясы – курчап турган айлана чөйрөнү пластиктен коргоо, таштандыларды азайтуу жана улуттук ордо оюнун экологиялык багытта кайра жаралтуу. Долбоор 2025-жылы жазында Таш-Мойнок орто мектебинин (Кой-Таш айылы, Чүй облусу) 7-8-класстарынын окуучулары тарабынан Кыргызстандын мектептери менен ЖОЖдорунун арасындагы “Ылга 1.0” экоквестинин алкагында демилгеленген. Ошондо алардын ЭкоZaman командасы экоквестте 2-орунду камсыздап, БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунан 600 доллар өлчөмүндө грант жеңип алышкан. Бул каражатка чүкө жасоочу атайын жабдуу жасалган.

БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору “Жашыл БААУ” программасынын негизинде бул долбоорду активдүү колдоп келет. Анын ичинде ар кандай экологиялык иш-чараларга катышуу менен (2025-жылдын апрелинде өткөн 12R Fest in 山ǿ, 2025-жылы февралда өткөн Dem Al Fest by Move Green таза аба фестивалы). Аталган иш-чаралардын алкагында катышуучуларга долбоор тууралуу маалыматтар берилип, экочүкөлөрдү пайдалануу менен ордо оюну тааныштырылган.

<< Назад к списку