山ǿ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Бельгияда билим алуу, Вьетнамда талаа изилдөөлөрү жана ызы-чуудан булгануу: кантип кыргызстандык изилдөөчү глобалдык илимде карьера курууда

26&Բ;августа&Բ;2025

#социология#sociology#soc#LifeAfterGraduation#alumni

сайтында БААУнун “Социология” факультетинин 2023-жылкы бүтүрүүчүсү Салтанат Намазбекова менен маеги жарыяланды.

Салтанат Намазбекова Бишкек шаарынын тургуну болуп, бирок соңку жылдарда анын кесипкөйлүк жана академиялык траекториясы Бельгия менен Вьетнамды камтыды. Бакалавриаттан кийин ал дүйнөнүн эң абройлуу окуу жайларынын бири KU Leuven университетинин магистратурасына окууга кирген. Анда ал туруктуу өнүктүрүүнүн үлгүлөрүн иликтеп, Эл аралык изилдөөлөргө боюнча окуусун артыкчылык менен аяктаган.

Салтанат Намазбекова теги бишкектик, бирок акыркы жылдары анын профессионалдык жана академиялык траекториясы Бельгия менен Вьетнамды да камтыды. Бакалавр даражасын аяктагандан кийин, ал дүйнөдөгү эң эски жана эң абройлуу университеттердин бири болгон KU Leuvenдин магистратура программасына тапшырган. Ал жактан туруктуу өнүгүү моделдерин изилдеп, эл аралык изилдөөлөргө катышып, артыкчылык диплому менен аяктаган.

Бүгүнкү күндө Салтанат дисциплиналар аралык чөйрөдө тажрыйбасы бар жаш адис. Limon.kg`ге курган маегинде ал эл аралык командада насаатчылык тажрыйбасы жана социалдык жана экологиялык маселелерди изилдөөлөрү тууралуу айтып берди. Ал убагы келгенде топтогон тажрыйбасын жана билимин өз мекенинде актуалдуу маселелерди чечүү үчүн колдоном деген үмүттө.

– Саламатсызбы? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз: Кайда төрөлгөнсүз жана балачак кезиңизде эмнелер менен алектенгенсиз?

– Чакыруу үчүн чоң рахмат! Менин атым Салтанат, Бишкекте төрөлүп-өскөм. Балалыгым каныккан жана жылуу эскерүүлөргө бай болгон. Апам экөөбүз ар кандай хоббилер менен алектенчүбүз: кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, тамак жасоо. Ал чыгармачыл жана жан дүйнөгө жагымдуу мезгил болгон.

Менин эсимде калган жаркын көз ирмемдердин бири – апамдын кекс жасаганы. Көбүнчө жанында карап турчумун, кээде майда-чүйдө нерселерге жардам берчүмүн. Анан ал бүт процессти мага ишенип, жети жашымда биринчи кексимди бышырганым эсимде! Бул чынында майда-чүйдө нерсе болсо да, бирок мен үчүн бул маанилүү учур жана өз алдымчалыкка алгачкы кадам болгон десем жаңылышпайм.

Бул менин кесип тандоом сыяктуу олуттуу нерселерге да таасирин тийгизди. Белгилей кетсем, келечекте ким болуу жана кайсы окууну тандоого эч ким мажбурлаган эмес. Мен баарын өзүм тандагам жана бул үчүн үй-бүлөмө абдан ыраазымын. Албетте, мындай эркиндик менен бирге жоопкерчилик да келет: так аныкталган жол жок, мен баарын өзүм чечишим керек. Бирок эң негизгиси мен ар дайым менин жакындарымдын жанында экенин жана керектүү учурда мага колдоо көрсөтөрүн билчүмүн.

Эгер үй-бүлөм жөнүндө жалпылап айтсам, ал менин таянычым, колдоом жана шыктандыруучум. Үй-бүлөмдүн ар бир мүчөсү өз тармагынын кесипкөйлөрү, өмүрүнүн көп бөлүгүн коомго кызмат кылууга арнашкан. Апам, мисалы, искусство таануучу, көргөзмө долбоорлорунун куратору жана материалдык эмес мурастар боюнча эксперт. Канчалаган кыйынчылыктарга жана жумушунун татаалдыгына карабастан, көздөрүндө оту бар жаркын жана позитивдүү адам. Апам өз ишин жакшы көрөт жана ар дайым бизге үлгү болуп, шыктандырып келет.

Чоң атам менен чоң апам билим, илим жөнүндө айтып, алардын маанилүүлүгүн, тынымсыз өнүгүү зарылдыгын ар дайым баса белгилешчү. Мен үчүн алар шыктануунун чоң булагы бойдон калууда. Экөө тең профессор болуп саналышат, чоң энем – техника илимдеринин кандидаты, чоң атам – академик, техника илимдеринин доктору. Экөө тең өз убагында Ленинграддан билим алышкан, ал кезде ал жактан билим алуу баарынын эле колунан келчү эмес. Биздин үй-бүлөдө билим, эмгек жана өжөрлүк ар дайым бааланып келген жана мен дал ушундай баалуулуктардын негизинде чоңойдум.

Кайсы мектепте окугансыз? Олимпиадаларга катышчуңуз беле?

– Мен №13 орто билим берүү мектебин окуп бүтүргөм. Бул англис тилин тереңдетип окуткан мектеп болгондуктан, аны изилдөө мектеп учурунда эле башталган.

Сүйүктүү сабактарым жөнүндө айта турган болсом, мага алардын дээрлик баары жакчу, бирок ар кайсы мезгилде ар кандай: мисалы кайсы бир убакта мага алгебра, андан кийин география, андан соң болсо тарых сабагы жакты. Менинме бул жашоомдо эмне болуп жатканына байланыштуу болсо керек. Ошол эле учурда кызыгуу мугалимден да көз каранды болору түшүнүктүү.

Келечектеги кесибим тууралуу олуттуу түрдө тогузунчу класста гана ойлоно баштадым. Башында бир аз кыйын болду, дароо бир чечимге келе албадым. Бирок убакыттын өтүшү менен түшүнүү келди жана жообу табылды.

Олимпиадаларга катышуу боюнча айтсам, ооба, мен аларга катышкам бирок анча активдүү эмес. Чынын айтсам, ал кезде бир аз коркчумун, өзүмө анча ишенчү эмесмин. Мен ар дайым жакшы окучумун, ар кандай кошумча курстарга барчумун, бирок баарына катышууга умтулчу эмесмин. Ыктыярчылык жана ар кандай долбоорлорго катышуу сыяктуу активдүүлүктөр университетте окуп баштаганда башталган.

Эмне себептен социологияны тандадыңыз? Буга ата-энеңиз түрткү болдубу же кызыгуу өз алдынча жаралдыбы?

– Менин кызыгуум абсолюттук түрдө өз алдымча жаралды деп ойлойм. Менин үй-бүлөмдө ар ким ар кандай тармакта алек: кимдир-бирөө искусстводо, кимдир-бирөө медицинада, дагы бирөө архитектор же программист. Биздин үй-бүлөдө ар кандай тармактын өкүлдөрү бар, бирок эч кимиси мага таасир этүүгө же кандайдыр бир багытка үндөөгө аракет кылган эмес.

Тандоо убагы келгенде социология боюнча бакалавриатка тапшырдым. Мага бул кызыктуу көрүндү, анткени ал жакшы теориялык негизди берет жана практиканы камтыйт: сандык да, сапаттык да изилдөө. Ошондой эле анда табигый илимдерге жакын элементтер да болчу.

Мага социология ар түрдүү дисциплиналардын чегинде турганы жакты – бул мени өзүнө тартты. Андан-ары жол өзү өнүгүп, туруктуу өнүгүү боюнча магистратурага кирдим. Бул эки чөйрө, чынында, бири-бири менен айкалышат. Айырмачылыгы туруктуу өнүгүүдө болуп, ал системалуу ойлонууга жана ар кайсы аймактардын ортосундагы байланыштарды көрүүгө үйрөтүүчү кеңири тармак.

Бул тармакта бир эле дисциплинанын алкагында маселелерди чечүү мүмкүн эмес, ар дайым аны комплекстүү кароо керек. Мына дал ушул жерде дисциплиналар аралык ыкма пайда болот: сиз экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелер менен бир убакта иштейсиз.

Айтор социология мага негиз берди, ал эми туруктуу өнүгүү менин көңүл коюумду кеңейтүүгө жана көптөгөн темаларга кеңири, комплекстүү көз-караш менен кароого мүмкүндүк берди.

БААУну тандооңуздун себеби? Чет өлкөдө билим алуу пландарыңызда бар беле?

– Мектепти аяктагандан кийин чет өлкөдө окуу каалоом жок болчу жана үйүмдөн алыс кетүүгө даяр да эмес болчумун. Ошондуктан БААУ бул максатта мен үчүн эң сонун вариант, биринчи кадам болуп калды. Кыргызстанда туруп америкалык билим берүү системасы менен таанышып, англис тилинде окуу кандай экенин сезе алдым.

Университетте студенттик жашоо каныккан түрдө өттү: ыктыярчылык, клубдар, долбоорлор – мен өз күчүмдү баардык багытта сынап көрдүм. Окуп жүргөндө чыгармачылык ийримдин жетекчиси болдум, гранттарды утуп, досторум менен жеке долбоорумду ишке ашырдым. Бакалавриатым БААУда болгонуна эч өкүнбөйм. Бул маанилүү жана зарыл баскыч болду, мен өз мекенимде туруп эле эл аралык академиялык тажрыйбага ээ болдум.

Ошол эле учурда мен чет өлкөдөн магистр даражасын алгым келерин билчүмүн. Алдыга конкреттүү максат койгом – академиялык деңгээли жогору жогорку окуу жайга тапшыруу жана стипендия алып окуу. Натыйжада баары мен ойлогондой болду, ошондуктан мен ыраазымын.

БААУда кандай тажрыйба арттыруулар болду?

– БААУда окуп жүргөндө биз милдеттүү түрдө тажрыйба арттыруудан өтчүбүз – алардын бир нечесинен өттүм жана ар бири мен үчүн маанилүү баскыч болуп калды. Дал ушул тажрыйба арттыруулардын жүрүшүндө мен биринчи жолу изилдөөлөр кандай жүргүзүлөрү менен чындап тааныштым: ал эмне, процесс кандайча түзүлөт, ал кандай баскычтарды камтыйт.

Тажрыйба арттыруулардын көбүндө сапаттык изилдөө ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулчу. Биз изилдөөчүлүк суроолорду түздүк, терең интервьюларды өткөрдүк, маалыматтарды чогултуу жана талдоо менен алектендик. Андан соң корутунду жазууну жана отчетторду даярдоону үйрөндүк. Бул мага социологдор эмне менен алектенерин так түшүндүргөн практикалык тажрыйба болду.

Ошондой эле Суусамыр өрөөнүндөгү Алтыгана аймагындагы талаа изилдөөлөрү жана Принстон университетинин PhD-кандидаттары өткөргөн изилдөөлөр үчүн research assistant дистанциондук жайкы позициялары болду.

Бул тажрыйба андан аркы академиялык сапарым үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Магистратурага тапшыруу үчүн долбоорлорго жана изилдөөлөргө катышуу маанилүү эле. Ошондой эле GPA`да чагылдырылган академиялык көрсөткүчтөр да эске алынган.

– Билим алууну улантуу үчүн Бельгия жана KULeuvenуниверситетин тандооңуздун себеби эмнеде ?

– Сиз мага кайрылганыңызда, мен магистратураны бүтүрүү процессинде элем - дипломумду коргоого жана ага байланыштуу бардык баскычтарда. Окуумду аяктаганыма үч апта гана болду! Эми мен расмий түрдө айта алам: мен окуумду артыкчылык диплому менен аяктадым жана туруктуу өнүктүрүү боюнча магистр даражасын алдым.

Ал эми университетти тандоого келсек, мен үчүн билим берүү программасы ар дайым эң башкы орунда болуп келген. Мен бул университетте конкреттүү эмнелер окутуларын, кандай дисциплиналар бар экендигин билдим. Мага программа түрдүү багыттарды бириктирип, эл аралык күн тартибине багытталганы жакты. Биздин тайпада көптөгөн өлкөлөрдөн келген студенттер чогулуп, жакшы билим берүү жана маданий чөйрө түзүлдү.

Курста талаа иштери камтылганын да алдын ала билчүмүн. Мисалы, экинчи курста Вьетнамга саякатыбыз бар эле. Мындай мүмкүнчүлүктөр программанын пайдасына маанилүү аргумент болуп калды. Дагы бир маанилүү жагдай: окутуу толугу менен англис тилинде өткөрүлдү жана мен үчүн бул эң ыңгайлуу формат.

Программанын өзүнөн тышкары университеттин рейтинги да роль ойноду. KU Leuven – Бельгиянын алдыңкы университети, ал QS рейтингинде 60-орунду ээлеп, дүйнөдөгү ТОП-100 университеттин катарына кирет. Ал жакшы абройго жана эл аралык студенттердин чоң коомчулугуна ээ болуп, узак тарыхы да бар: быйыл университетке 600 жыл толду.

Бул университетте кандай стипендия алып жүрдүңүз?

– Мен башынан эле академиялык жетишкендиктер үчүн стипендия каралган университеттерди издеп жүргөм. KU Leuven университетинде программага тапшыруу жана стипендияга өтүнмө берүү эки башка процесс. Алгач программага кабыл алындым деп кат алдым, андан кийин стипендияга маектешүү жана тандоо болду.

Стипендия илимдер факультети тарабынан берилет. Дүйнөнүн бардык бурчунан келген талапкерлер ала алышат, өлкөлөр боюнча эч кандай чектөө жок. Стипендия ар түрдүү тармактардын студенттерине берилет: физика менен химиядан тарта data science жана туруктуу өнүктүрүүгө чейин.

Акыркы жылдарда стипендиянын шарттары жакшырып, азыр билим алуунун бардык чыгымдарын жабат. Мен окуп жүргөн кезде ал чыгымдардын 80-85% жапчу: жатакана, тамак-аш, камсыздандыруу жана күнүмдүк чыгымдар. Күчтүү программа, дисциплиналар аралык мамиле, англис тили, эл аралык чөйрө, университеттин жогорку рейтинги жана стипендия сыяктуу факторлордун баарын эске алуу менен мен билим алуудагы кезектеги кадамым үчүн KU Leuven эң ылайыктуу жер деп чечтим.

Бельгияда көнүшүү процесси кандай өттү?

– Иш жүзүндө баары мен күткөндөн алда канча жакшы болуп чыкты. Мен бул жерде жолуккан адамдар жагынан жолум болду. Көнүшүүдө менин жеке даярдыгым чоң роль ойноду деп ойлойм. Эгер баргым келбегенде, ички даярдыгым болбогондо такыр башкача болмок. Мен бакалавр даражамды үйүмдө Кыргызстанда алганыма кубанычтамын. Ошентип, мен өзүмө даярдануу үчүн убакыт бердим жана Европага көчүү тажрыйбам да, ички ишенимим дагы жетилген куракта ишке ашты.

– Жаңы таанышуулар болдубу? Кыйынчылыктарга кабылдыңызбы?

– Бул жерден мен дүйнөнүн төрт бурчунан келген улан-кыздар менен тааныштым. Эң таң калыштуусу, ар кандай тилдик жана маданий өзгөчөлүктөргө карабастан, биз жалпы тил таба алдык. Биздин көз караштарыбыз, баалуулуктарыбыз, жада калса юморубуз окшош болуп чыкканы кубандырды. Азыр менин бир нече жакын курбуларым бар, алардын ар бири дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген. Бири-бирибизди колдоп турчубуз, өзгөчө сынактар учурунда.

Албетте, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Алар көбүн эсе жаңы билим берүү системасына ыңгайлашууга байланыштуу болду: башка баалоо ыкмасы, сынактардын жол-жоболору жана бюрократиялык процедуралар. Кээде бир нерсени өткөрүп жиберүү же документтерди туура эмес тапшыруу тынчсыздандырчу. Мында билим берүү процессин өз алдынча уюштуруу жана пайда болгон маселелерди чечүү маанилүү. Бул өз кезегинде жоопкерчиликти жана кунт коюуну талап кылат.

Мына дал ушундай учурларда сиз бөтөн өлкөдө экендигиңизди жана толугу менен жалгыз калганыңызды сезесиз. Бирок жалпысынан менин көнүшүү тажрыйбам оң болду деп айта алам. Ооба, кыйын учурлар болгон, бирок азыр эки жылдан кийин биринчи кезекте жылуу көз ирмемдерди эскерем – таанышуулар, баарлашуулар, сапарлар, курчап турган адамдардын колдоосу.

– Адашпасам сиз KULeuven университетинде окуп жатып тажрыйба арттырууну Антверпен университетинде өткөрдүңүз? Ал үчүн Атнверпенде болуу шарт беле?

– Туура айтасыз мен ал тажрыйба арттырууну KULeuven окуу жайында окуп жатканда өткөргөм. Бирок аны аралыктан туруп өткөм. Буга мен иштеген изилдөө командасынын Бельгиянын ар кайсы шаарларында жайгашканы жана алар башынан эле алыстан иштөө форматын орнотуп коюшканына байланыштуу болду.

Бирок каалоого жараша Антверпенге баруу мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок мен толугу менен аралыктан өтүү форматын тандадым - бул абдан ыңгайлуу болуп чыкты. Мен иш жүзүндө айырманы сезген жокмун. Супервайзер менен такай чалышып, биз ар дайым байланышта болуп турчубуз. Маселелерди талкуулап, анын пикирин угуп турчумун.

Менимче, ковидден кийин аралыктан окуу форматы билим берүүнүн көнүмүш жана нормалдуу формасы болуп калды. Андыктан менин тажрыйба арттыруумдун күндүзгүдөн айырмасы жок болчу.

– Тажрыйба арттыруу учурунда эмне менен алектенчүңүз?

– Тажрыйба арттыруу менин магистрдик диссертациям менен түздөн-түз байланыштуу болду. Бул менин темага сүңгүп кирүүмдүн биринчи баскычы болду. Баалуу тажрыйба чогулттум: мен биринчи жолу ири изилдөө иш жүзүндө кантип куруларын, алар маалыматтар менен кандай иштешерин, жалпысынан иштин кандай баскычтары бар экенин көрдүм.

Изилдөөчүлүк жумуштун өзү күнүмдүк ызы-чуу адамдардын ден-соолугуна жана жыргал жашоосуна кандай таасир этерине арналган. Бельгиянын үч шаарында өткөрүлүп, үч маанилүү фазаны камтыган:

  1. Тургундар арасында ызы-чууну кабыл алуусу жана анын жыргалчылыгына тийгизген таасири тууралуу өз пикирлерин бөлүшкөн чоң онлайн сурамжылоо;
  2. Объективдүү маалыматтарды чогултуу үчүн ыктыярчылардын үйлөрүндө ызы-чуунун деңгээлин өлчөөчү аспаптарды орнотуу;
  3. Физиологиялык өлчөө: уйку, стресстин деңгээли жана башка көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүү

Мен биринчи фазага, тактап айтканда, онлайн сурамжылоонун анализине катыштым. Бул менин сандык маалыматтар менен иштөөдөгү биринчи олуттуу тажрыйбам болду. Ага чейин бакалавриат учурунда мен негизинен сапаттык ыкмалар менен иштечүмүн: маектешүү, тексттерди чечмелөө жана коддоо. Ал эми бул жерде такыр башка ыкма: чоң таблицалар, сандар, статистика. Бул мага жетишпей жаткан тажрыйба жана мен каалаган нерсе эле - чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөөнү, аны түшүнүүнү жана ньюанстарды жоготпостон жыйынтык чыгарууну үйрөнүү.

Супервайзер жактан менин жолум болду. Ал ар тараптан колдоо көрсөтүп, “эгерде суроолор жаралса, кийинкиге калтырбай дароо сура” деп атчу. Экөөбүз тынымсыз байланышта болчубуз, ал баарын кадам сайын түшүндүрүп берди. Ошентип мен өз алдымча иштей баштадым. Кыскасы тажрыйба арттыруу ыңгайлуу жумуш шартында өттү.

– Ага байланышкан кызыктуу учурду эсеп айтып бере аласызбы?

– Мага бир изилдөө бир эле учурда үч түрдүү ыкманы кантип айкалыштырарын көрүү кызыктуу болчу: сандык, сенсордук жана физиологиялык өлчөө. Бул мен үчүн таптакыр жаңы формат болуп, анда ар бир деталь чоң мааниге ээ эле.

Тажрыйба арттыруу магистратуранын милдеттүү бөлүгү болчу, бирок аны өтүү жайын өзүм издедим. Мен өзүм бул команда менен байланышып, темамды жана менин диссертациям ушул тармакка байланыштуу экенин айттым. Мен алардын изилдөөсүнө кошулгум келерин айттым жана натыйжада мени командага чакырышты.

Магистрдик диссертациям ызы-чуу жактан булгануу, тактап айтканда, жолдогу ызы-чууга арналган. Биз аны дайыма эле байкай бербейбиз, бирок ызы-чуу чындап эле биздин жыргалчылыгыбызга жана ден соолугубузга таасирин тийгизет. Бул байкалбаган, бирок адамдын организмине реалдуу таасир эткен факторлордун бири. Бул теманы тереңирээк түшүнүү мен үчүн маанилүү эле.

Магистратуранын алкагында Вьетнамда иликтөө жүргүзгөндүгүңүздү айтып өттүңүз. Бул тажрыйба тууралуу да маалымат бере кетсеңиз.

– Бул изилдөө Living Lab деп аталган окуу программасынын бир бөлүгү болгон. Биздин топтун бардык студенттери ал жакка мугалимдери менен эки жумага барышкан, бирок бул долбоорго даярдык алты айга созулду.

Экинчи семестрде биз өзүнчө курстан өтүп, командаларга бөлүндүк. Биз бул тема боюнча адабияттарды изилдеп, изилдөө маселелерин түздүк жана жергиликтүү тургундар арасында сурамжылоо өткөрүүдө колдоно турган анкета иштеп чыктык. Өткөн жылдын сентябрь айында Вьетнамга бардык. Менин командам туризм контекстинде жергиликтүү азык-түлүк системаларынын туруктуулугуна басым жасады. Биз керектөө үлгүлөрүн изилдедик: адамдар тамак-ашты кайдан сатып алышат. Биз ошондой эле бүтүндөй азык-түлүк менен камсыздоо системасынын алсыздыгын жана туруктуулугун бааладык.

Суунун сапатын, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды изилдеген башка топтор да бар болчу – ар кимдин өз темасы боло турган. Ошентсе да биз алмашып, бири-бирибизге жардам берген күндөр да болду. Ошондуктан менде башка изилдөөлөргө катышууга мүмкүнчүлүгү жаралды: тоого чыгып, топурак менен суунун үлгүлөрүн чогултчубуз, суудагы организмдерди микроскоп менен изилдечүбүз ж.б.у.с.

Мен үчүн бул практикалык талаа изилдөө көндүмдөрүн алууга жана реалдуу шарттарда туруктуу өнүгүүнүн ар кандай аспектилери менен таанышууга мүмкүндүк берген каныккан жана пайдалуу тажрыйба болду.

– Изилдөө учурунда кандайдыр-бир кыйынчылыкка кабылдыңызбы?

– Кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок эң негизгилеринин бири тил маселеси болду. Жергиликтүү тургундар, чакан туристтик мейманканалардын ээлери менен маектешүү учурунда биз жергиликтүү студенттер болгон котормочулар менен иштештик, алар биздин анкеталарды жана аларга жоопторду англис тилинен вьетнам тилине которушту.

Бул кандайдыр-бир деңгээлде чакырык болду: ал адам менен көз байланышын сактап, англис тилинде сүйлөп, котормосун угуп, ошол эле учурда жоопторду жазып алуу зарыл эле. Кээде маектин агымын кармап туруу жана интервьюнун динамикасын сезүү кыйынга турду, бирок бул тажрыйба талаа иштерине мүнөздүү, мында өз-ара аракеттенишүү ар башка тилдерде болот.

Мындан тышкары, ар бир интервью алдында адамга жакындоо, изилдөөнүн маңызын түшүндүрүү, ишенимге ээ болуу жана ал өзүн ыңгайсыз сезип, коркпоого ынануу маанилүү болчу. Ошондой эле өз-ара аракеттенишүү ар бир адам үчүн сый мамиледе жана ыңгайлуу формада өтүшү үчүн жергиликтүү каада-салттарды жана маданиятты эске алуу зарыл эле.

Ушундай кыйынчылыктарга карабастан, бул тажрыйба мен үчүн изилдөөчү катары абдан пайдалуу жана баалуу болду.

Келечекте докторантурага тапшырууну пландаштырып жатасызбы?

– Келечектеги пландарым кандай өнүгөт, азырынча так айта албайм, бирок докторантураны четке какпайм. Окууну баштардан мурда өз кесибиң боюнча иштеп, белгилүү бир тармакка тереңдеп кирип кетсем пайдалуу болот деп ойлойм.

Докторантура - бул чын дилиңден сүңгүп кирип, өзүңдү толугу менен берген төрт жылдык изилдөөнүн үстүндө эмгектенүү. Ошондуктан мен дагы эле ойлонуп жатам, балким, кийинкиге калтырам. Мен азыр өзүмдүн тармагымды изилдеп, үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгам, тажрыйба топтогонго аракет кылып, анан кантип алдыга жыларымды чечем.

– Кыргызстанга кайткыңыз келеби?

– Менин идеалдуу ааламымда өз ишмердүүлүгүмдү Кыргызстан менен байланыштырып, ал жакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзгүм келет, бул жеке жана илимий көз-караштан алганда маанилүү, анткени туруктуу өнүгүү жана социалдык-маданий кайра куруулар жаатында изилдөө үчүн олуттуу темалар бар. Учурда мен варианттарды изилдеп, кийинки кадамдар жөнүндө ойлонуп жатам.

Борбордук Азиядан чыккан жаштарга Эл аралык билим берүү чөйрөсүнө аралашып кетүү канчалык жеңил? Алар көбүнчө кандай кыйынчылыктарга кабылат?

– Бул суроого так жана туура жооп табуу кыйын деп ойлойм. Бир жагынан интеграцияга толук мүмкүн, бирок көптөгөн факторлор да роль ойнойт. Эл аралык командалардын артыкчылыгы - адамдар дүйнөнүн ар тарабынан келген, алар жаңы билимге ачык, толеранттуу жана адамдар ар кандай экенин түшүнүшөт. Менимче дал ушундай командаларда иштөө эң ыңгайлуу.

Экинчи жагынан, эгер көпчүлүгүн жергиликтүү калк түзгөн бир өлкөнүн ичиндеги эл аралык тажрыйба жөнүндө сөз кыла турган болсок, кээде интеграция тилдик тоскоолдуктардан улам татаалданып кетиши мүмкүн. Жумушта ар бир адам англис тилинде сүйлөшсө дагы, кеңседен тышкары адамдар өз эне тилинде сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Бул кадимки логика болгону менен бирок жеке байланыштарды куруу үчүн белгилүү бир тоскоолдуктарды жаратат.

Мындан тышкары, ар ким ар кандай маданий тажрыйбага ээ. Бир жагынан балалык кандай өттү, кандай мультфильмдерди көрдүңүз, эмнени жактырганыңызды бөлүшүү абдан кызыктуу. Башка жагынан алганда, эгер сиз ачык эмес, өз баарлашуу чөйрөсү жана ыңгайлуулук аймагы бар адамдарга туш келсеңиз, анда интеграциялоо кыйындайт.

Бирок, бул кыйынчылыктар конкреттүү кырдаалдан көз каранды деп эсептейм. Жалпысынан алганда чечилбеген маселе жок жана ыңгайлуу интеграция толук ыктымал.

– Командалык насаатчы ишмердүүлүгүнө кантип келдиңиз жана Эл аралык командада иштөө кандай болот?

– Мунун баары мен Бельгияга келген биринчи жылымдан башталды. Transdisciplinary Insights деген курс бар эле. Анда ар түрдүү программалардагы жана даражадагы студенттер чогулчу: бакалавр, магистр, PhD. Каалоочулардын баары мотивациялык кат жазып, кызыктырган бир нече теманы тандай алат. Темалар ар башка болуп, ар биринин белгилүү бир тармакта адистешкен өзүнүн жетекчиси бар болчу. Мен тамак-аш калдыктары менен байланышкан Hacking Consumerism деген теманы тандадым. Биздин өзүбүздүн машыктыруучуларыбыз, семинарларыбыз жана биргелешкен иш-чараларыбыз бар болчу. Курс бүтүндөй окуу жылын улантты, ал эми максат бир эле - бул биздин биргелешкен ишибиздин натыйжасында бир азыкты жаратуу.

Ал жылы биз иш-чараны сынак форматында өткөрдүк: алгач суроолор менен викторина, андан кийин тамак жасоо боюнча сынак болду. Тамак бышыруу үчүн бардык азыктарды жергиликтүү шаардык супермаркеттер камсыз кылган. Бул жарактуулук мөөнөтү аяктап калган азыктар болуп, дүкөндөр аларды бизге боорукердик менен беришкен. Катышуучуларга азыктардын туш келди топтому берилип – алар эмнени алаарын тандап, рецепттерди ойлоп таап, тамактарды бышырышкан.

Анан чогуу кечки тамактануу орун алып, анда баары биз даярдаганды жешти. Иш-чара ийгиликтүү өттү: тамак-аш даамдуу болду, катышуучулар мыкты иштешти жана бардык азыктарды колдонушту. Башкы идея эскилиги жетип калган азыктарды чыгармачылык менен ыргытып жиберүүдөн кантип сактап, даамдуу тамак жасоону көрсөтүү болчу.

Бул курстан кийин мен кийинки командага машыктыруучу болууга мүмкүнчүлүк алдым. Экинчи курстан баштап эле ошол эле теманын үстүндө иштеп жүрдүм. Мага ар түрдүү дисциплинадагы балдар менен кызматташуу абдан жакты жана баарыбызды чогуу иштешип, жаңы нерсе ойлоп табуу каалоосу бириктирди. Студенттер менен баарлашуу мени шыктандырган көптөгөн чыгармачыл идеяларды жаратты жана өз идеяларымды жаратууга жардам берди. Бул баалуу тажрыйба болду.

Туруктуу өнүктүрүүнүн контексинде сизге кайсы тармактар баарынан да кызыктуу?

– Мен үчүн, айрыкча, акыркы окуу жылымда, магистрдик диссертациямдын үстүндө иштеп жатканымда, ызы-чуунун булганышы маанилүү тема болуп калды. Менимче, бул темада, башка темалардагыдай эле, сиз көптөгөн кызыктуу аспектилерди таба аласыз жана изилдөө үчүн ар кандай методологияларды колдоно аласыз. Мисалы, мен тажрыйба арттыруудан өтүп жатканымда, мен айтып өткөндөй, изилдөөнүн үч башка бөлүгүн камтыган долбоорго катыштым жана ал абдан кызыктуу болду.

Албетте, изилдөө жана үйрөнө турган дагы көптөгөн темалар бар. Бирок ызы-чуунун булганышы мени абдан кызыктырган темалардын бири. Мени маанилүү деп эсептеген жеткиликтүү билим берүү жана экология да тынчсыздандырат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн туруктуу өнүктүрүү тармагында кайсы маселелер актуалдуу болуп эсептелет?

– Менимче байкалып жаткан жана актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп абанын булганышы саналат. Өзгөчө кышкысын. Бул өлкө үчүн чындап эле чоң жана маанилүү тема.

Ошондой эле гендердик зомбулук жана теңсиздик сыяктуу көйгөйлөрдү да унутпоо керек, алар дагы маанилүү көйгөйлөр бойдон калууда. Дагы бир тема таштандыларды сорттоо. Кыргызстанда бул азырынча тийиштүү деңгээлде карала элек.

Бельгияга келгенде таштандыларды сорттоо маанилүү жана кеңири таралган процесс экенин байкадым. Ар кандай түстөгү атайын таштанды контейнерлери бар, эмнени каякка салуу керектигин так билишиңиз керек. Башында мен мындан этият болчумун, анткени кайсы бөтөлкө же капкакты каякка коюуну дайыма эле биле берчү эмесмин, анткени пластиктин ар кандай түрлөрү ар кандай колдонууну талап кылышы мүмкүн.

Убакыттын өтүшү менен бул процесске көнүп калдым, мага бул багытта Кыргызстанда да көп демилгелер болуп жаткандай сезилет. Келечекте бул маселелер толугу менен чечилет деп ишенем.

Кесипкөйлүк мотивацияны кантип колдоп кубаттап турасыз?

– Биринчиден, бул менин жеке кызыкчылыгым. Экинчиден, макалаларды үзгүлтүксүз окуп, жаңылыктарды көрүп, иштеп жаткан долбоорлор менен таанышууга аракет кылам – бул мени шыктандырат. Кээде мен өзгөчө жөнөкөй, бирок маанилүү болсо да, чыгармачыл ой жүгүртүү коом үчүн пайдалуу азыктарды түзүүгө жардам берген дүйнө жүзү боюнча мисалдарды издейм. Бул дагы шыктандырат жана күч берет.

Мындан тышкары айлана-чөйрө маанилүү ролду ойнойт - баарлашкан адамдар. Азыр досторумдун көбү группалаштарым. Биз чогуу ар кандай темаларды, изилдөөлөрдү жана башка нерселердин баарын талкуулайбыз. Бул тонуста калууга жардам берет. Маалымат алмашуу, бири-биринин өлкөлөрү тууралуу окуялар, кызыктуу фактылар, ушунун баары менин кызыгуумду арттырып, мага мотивация берет.

– Ушул тапта сизди өзгөчө шыктандырган долбоор же изилдөө барбы? Мисал келтире аласызбы?

– Чынын айтсам, конкреттүү бир долбоорду атай албайм. Мени көбүнчө темалардын кеңири чөйрөсү кызыктырат жана долбоорлор көбүнчө маңызы боюнча окшош, бирок алар ишке ашырылып жаткан өлкөгө жараша жергиликтүү контекстке катуу ыңгайлаштырылган.

Мага окшош маселелер ар кайсы өлкөлөрдө кандайча чечилип жатканы кызык, анткени ар бир тапшырма бирдей чечиле бербейт. Мунун баары жайгашкан жерине, ресурстарга жана башка көптөгөн факторлордон көз каранды. Ошондуктан мен бир дагы долбоорду бөлүп көрсөтпөйм, тескерисинче, ар кандай ыкмаларды карап, алардын конкреттүү кырдаалга кантип ыңгайлашканынан шыктанам.

Темалар ар кандай болушу мүмкүн - киттерди сактап калуудан баштап абанын булганышы менен күрөшүүгө чейин. Албетте, бизде Кыргызстанда кит жок деңизчи, бирок мен ал долбоорду кызыгып окуп, маалымат алып турам (күлүп).

Чет элдик ЖОЖго окууга тапшырып, Эл аралык карьера курууну каалагандарга кандай кеңеш бере аласыз?

– Эң негизгиси, жаңы тажрыйбалардан жана өзүңүздүн ыңгайлуулук аймагыңыздан чыгуудан коркпоңуз. Мен үчүн эң негизги тоскоолдуктар, өзгөчө мектеп жылдарында коркуу жана алдамчылык синдрому болду. Менин оюмча, тажрыйба арттыруу, ыктыярчылык сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө ачык болуу, жоопкерчиликтүү жана чындап катышуу маанилүү.

Айланаңызда болуп жаткан бардык нерселерге кызыгуу маанилүү. Мисалы, эгер сиз тажрыйба арттыруудан өтүп жатсаңыз, анда soft skills абдан маанилүү: тактык, жоопкерчилик, тапшырмаларды алуудан жана аларды аткаруудан коркпогондук. Бир нерсе кыйын же түшүнүксүз болсо да, менеджериңизге суроо берүүдөн коркпоңуз. Тажрыйба арттырууда ар дайым жардам берүүгө кубанычта болгон насаатчылар бар, эң негизгиси алар менен байланышта болуу.

Ошондой эле сынды туура кабыл алууну билүү керек. Эгер иш кемчиликсиз болсо, аны жүрөккө жакын кабыл албаңыз. Комментарийлерди өсүү жана жаңы билим үчүн мүмкүнчүлүк катары колдонуу жакшы.

Мындан тышкары, толеранттуу, достукка бекем жана жоопкерчиликтүү болуу, жаңы адамдар менен таанышууга жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу маанилүү.

Жаңы нерселерди билүүгө умтулуу, ар кандай маданияттарга кызыгып, адамдар ар кандай болушу мүмкүн экенин түшүнүү да маанилүү. Бизге кадыресе көрүнгөн нерсе башка маданиятта башкача кабыл алынышы мүмкүн, анткени көп нерсе адамдын өскөн чөйрөсүнөн көз каранды. Кантсе да эң башкысы – ар дайым адам бойдон калуу.

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

<< Назад к списку